Акыркы суткада республика боюнча 92 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды. Бүгүн, 4-сентябрга карата статистикалык маалымат менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев тааныштырды.
Бишкек шаары - 12;
Ош шаары - 2;
Чүй облусу - 7;
Ош облусу - 15;
Талас облусу - 1;
Нарын облусу - 6;
Ысык-Көл облусу - 32;
Жалал-Абад облусу - 3;
Баткен облусу - 14.
Жалпы: 44 миң 227 адамдан илдет аныкталды.
Бүгүнкү күндө стационарда дарыланып жаткандар 584 бейтап болсо, амбулатордук дарыланууда 4 миң 614 бейтап бар.