Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга каршы пикирге кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.
"Каршы пикирге Жазык кодексине (ЖК) жана Жазык-процесс кодексине (ЖПК) киргизилген айрым өзгөртүүлөр негиз болду. Тактап айтканда, сунушталган Жазык кодексинин 62-беренесинин 7-бөлүгү менен эгер шектенүү жөнүндө кабарландыруу бериле турган адам аныкталбаган болсо, жазык иши жазык жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өткөндүгү боюнча токтотулат деген ченем каралган.
Мамлекет башчы сунушталган өзгөртүүлөр сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү учурунда алгачкы текшерүү жана тергөө органдарында коррупциялык көрүнүштөр үчүн тобокелдиктерди жаратарын белгилеп, бул ченемди колдонууну редакцияда калтырууну сунуштады.
Жазык процесстик кодексинин жаңы редакциясында берилген 114-беренеде кылмыш жасоого шектүү же айыпкер адамга карата бөгөт коюу чарасы катары күрөөнү колдонуу маселелерин жөнгө салат. Бирок күрөө бөгөт коюу чарасы катары белгиленбеген кылмыштардын тизмеси жана учурлары кызмат адамдары жасаган бардык коррупциялык кылмыштарды камтыбайт.
Коррупциялык кылмыштар жалпысынан коом жана мамлекет үчүн кыйла коркунучту түзө тургандыгын көңүлгө алып, аталган кылмыштарды эске алуу менен бул тизмени кеңейтүүнү сунуш кылды.
Кабыл алынган мыйзам менен иш боюнча өндүрүштү жаңыртуунун негиздерин, ошондой эле ѳндүрүштү кайра жаңылоонун мөөнөттөрүн караштырган Жазык-процесстик кодексинин 442-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пункту жана 444-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылган.
Президент жогоруда көрсөтүлгөн түзөтүүлөрдү кабыл алуу мыйзамдарда тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен өзүнүн бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоого болгон ар бир адамдын конституциялык укуктарын, анын ичинде эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылуу укугун чектөөгө алып келиши мүмкүн, адам, анын өмүрү, ден соолугу, укугу жана эркиндиги эң жогорку баалуулук болуп саналган демократиялык мамлекетте буга жол берилбеши керек деп эсептейт", - деп айтылат маалыматта.