"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирустан 19 миллиондон ашык адам сакайды

Бүгүн, 12-сентябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 28 миллион 331 миң 121 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 19 миллион 107 миң 362 бейтап айыгып чыкса, 913 миң 15 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 443 миң 48 адамдан коронавирус аныкталды. 192 миң 968 адам каза болсо, 2 миллион 417 миң 878 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 4 миллион 562 миң 414 адамдан аныкталды. 76 миң 62 адам каза болсо, 3 миллион 542 миң 663 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 4 миллион 238 миң 446 адам вируска кабылган. 129 миң 522 бейтап көз жумса, 3 миллион 683 миң 47 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан