Бүгүн, 17-май күнү Москва-Бишкек чартердик каттам менен ден соолугунда маселеси бар Кыргыз жарандары мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги маалымат таратты.
"Бүгүн, 17-май күнү Москва шаарынан чартердик каттам менен Бишкекке 379 жүргүнчүсү менен учак учту. Аталган каттам менен 116 оор абалдагылар (онкологиялык оорусу барлар, бөйрөктүн жетишсиздиги, жүрөк оорусу менен жабыркагандар жана башкалар), аларды коштогон 27 жаран, 8 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, 38 улгайган жарандар, 78 кош бойлуу жана 77 ата-эне өспүрүм балдары менен, ошондой эле хостелдеги 35 жаран келмекчи. Бардык оорулуулардын жанында тиешелүү документтери бар жана тизме коомдук комиссиянын жыйынында бекитилген.
Мекенине учуп жаткан жарандардын тизмесин жарыялагыла деп кайрылган жарандар болууда. Мыйзамга ылайык, элчиликтин жарандардын макулдугусуз жеке маалыматтарын жарыялоого укугу жок. Кезекте дагы 1000ден ашуун оор абалдагы жарандар, кош бойлуу айымдар, өспүрүмдөр жана улгайган адамдар турат. Май айынын аягынан тартып Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө апта сайын чартердик каттам уюштуруу пландалууда. Аталган тайпага кирген бардык жарандар май, июнь айларында мекенине кайтарылат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Москва-Бишкек каттамга тизмеге илинбей калган жарандар келип, каттоого тоскоолдук жаратышканы тууралуу жазылган.