Токмоктогу оорукананын капиталдык оңдоо иштерине 45 миллион сомдон ашуун каражат сарпталды

Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин даярдыгы 92 пайызды түзѳт. Мындай маалыматты республикалык штабдан билдиришти.

Объекттин капиталдык оңдоп-түзөө иштери июль айында башталган. Бейтапкана 216 орунга ылайыкташкан. Сметалык наркы 63 миллион 682 миң 9 сомду түзүп, бардыгы болуп 45 миллион 700 миң сом сарпталды.

"Имараттын жана откананын эски чатыры менен электр системдери алмаштырылып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлгөн. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдөө, жылытуу системдери жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылды. Андан сырткары ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай жана сантехникалык жабдуулар орнотулду.

Оорукананын оңдоо иштерин сентябрдын аягына чейин аяктоо мерчемделген", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2020-09-22 14:31:28
Молодцы оңдогула, түздөгүлө, жегиле ичкиле.
-1
Nurik1988
2020-09-22 15:07:12
45 миллионго жаны больница салса болот
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан