Өткөн суткада коронавирус илдетин 4 медицина кызматкери жуктуруп алды

Бир сутка ичинде коронавирус илдетин 4 медицина кызматкери жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтымында, илдет аныкталган медицина кызматкерлеринин экөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда катталды.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери жалпы 4 миң 360 медицина кызматкери аталган илдетке кабылган.

Сутка ичинде бир медицина кызматкери ооруканадан сайып чыкты. Жалпы 4 миң 276 медицина кызматкери оорудан сакайып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан