"Ухан вирусу": АКШда коронавирус илдетин жуктургандар 7 миллиондон ашты

Бүгүн, 26-сентябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 32 миллион 472 миң 766 болду. Анын ичинен 22 миллион 375 миң 633 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 987 миң 679 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 33 миң 268 адамдан коронавирус аныкталды. 203 миң 704 адам каза болсо, 2 миллион 727 миң 335 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 5 миллион 818 миң 570 адамдан аныкталды. 92 миң 290 адам каза болсо, 4 миллион 756 миң 164 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 689 миң 613 адам вируска кабылган. 140 миң 537 бейтап көз жумса, 4 миллион 128 миң 490 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан