Акыркы суткада коронавирустан каза болгондордун саны 62ге өстү. Өлкөдө инфекция 6 миңге чукул жаранга жайылды (видео)

Бүгүн, 1-июль саат 10:00гө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу жаңы маалыматтар менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев тааныштырды.

Анада акыркы суткада 439 бейтаптын анализинен коронавирус илдети аныкталып, анын ичинен төртөө сырттан келгендер, калганы оорулуулар менен байланышта болгондор экени маалым болду.

Коронавирустан дагы 73 бейтап айыкты делинип, ооруканалардан чыгарылды. Тилекке каршы, өткөн сутка дагы 5 бейтаптын өмүрүн алды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан