
Баасы болжол менен 4 миң АКШ долларын түзгөн алтын бет кап тагынган индиялык ишкер пневмониядан каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Күн сайын бир килограммга жакын алтын тагынууга көнүп калган 49 жаштагы Индиянын Махараштра штатынын жашоочусу Шанкар Кураде салмагы 56,7 граммды түзгөн алтындан бет кап тагынып, июнь айында жаңы ачылыш жасаган. Ал коронавирус инфекциясына чалдыгып, өпкөнүн сезгенишинен улам көз жумган.
"Бет кап мени коронавирустан канчалык натыйжалуу коргой тургандыгына көзүм жетпейт, бирок мен санитардык талаптардын бардыгын аткарышым керек", - деген Кураде.