Бүгүн, 29-октябрда ырчы Асел Кадырбекова автокырсыгына кабылгандан бери алгачкы жолу күйөрмандарына өзүн көрсөттү. Бул тууралуу видео ырчынын жолдошу Нурлан Насиптин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Ал Инстаграм баракчасына катталуучулары көптөн-көп күткөн видео жарыялап, "бүгүн үй-бүлөм менен көчөгө чыгып келдик" деген билдирүүсүн калтырган.
Ал эми аталган видеонун алдына ырчынын катталуучу күйөрмандары аруу тилектерин жазышып, ырчыга бекем ден соолук каалашууда.
Белгилей кетсек, 26-июнда ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, катуу жаракат алган.