Ырчы Асел Кадырбекова автокырсыкка кабылганы кесиптештери арасында айтылган. Бул боюнча ырчы Нурлан Насипке байланышканыбызда, маалыматты ырастады.
"Абалы оор" деген Нурлан Насип жубайы учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатканын билдирди.
Дарыгер Асел Кадырбекованын алган жаракаттары тууралуу айтып берди.
Жол кырсыгы кечээ, 26-июнда саат 15:47де Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинда катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алган.
SUPER.KG порталы ырчынын батыраак айыгып кетишин каалайт.