Орусияда сутка ичинде 18 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 18 миң 257 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 238 адам каза болсо, 10 миң 360 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 4796 (айыккандар 3241);

Санкт-Петербург - 923 (айыккандар 449);

Москва облусу - 556 (айыккандар 397);

Нижегород облусу- 389 (айыккандар 198) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 655 миң 38 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 28 миң 473 адам каза болсо, 1 миллион 236 миң 33 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан