Сазыкбай Турдумалиев президенттик шайлоого аттануу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал "Комплекстүү жабдуу борборунда" директор болуп эмгектенет. Турдумалиев 1954-жылы 28-августта туулган. Анын талапкерлигин "Улутман республикалык партиясы" көрсөттү.
Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын калтырган.
Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн жарандар партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу талапкерлигин койсо болот.