Америкалык актёр Рами Малек GQ Middle East журналынын "Жылдын адамы" аталышындагы санынын мукабасына чыкты. Ал маегинде Египет, ата-энеси жана чыгармачылык пландары тууралуу айтып берди.
Актёр араб тилинде тасма тартып, ага араб актёрлорун тартууну каалаарын билдирди.
"Мен араб тилинде, араб актёрлорунун катышуусунда окуя баяндап бергим келет. Сценарийин өзүм жазып, тасманы өзүм тартам. Бирок анда өзүм роль жаратпайм деп үмүттөнөм", - деген ал.
Ошондой эле Малек атасынын ага ишенгенин эскерип, чыгармачылыктагы көптөгөн жетишкендиктерин көрбөй калганына өкүнөрүн айткан.
Белгилей кетсек, Рами Малек "Богемалык рапсодия" тасмасында Фредди Меркьюринин образын жаратып, 2019-жылы "Оскар" сыйлыгына ээ болгон.