Эртең, 24-ноябрда Швейцариянын Женева шаарында шахмат боюнча дүйнө чемпиону наамы үчүн беттеш башталат. Анда өзбекстандык Жавохир Синдаров менен индиялык Гукеш Доммаражу күч сынашат.
Шахмат боюнча дүйнө чемпиондугунун тарыхында алгачкы жолу наам үчүн 20 жаштагы эки шахматчы ат салышмакчы.
Гукеш 2024-жылы 18 жашында кытайлык Дин Лижэнди жеңип, шахмат тарыхындагы эң жаш дүйнө чемпиону болгон.
Ал эми Синдаров акыркы бир жыл ичинде дүйнө кубогун жана талапкерлер турнирин жеңип алган. Учурда анын рейтинги дүйнөнүн учурдагы чемпионунан жогору болуп, беттештин фаворити катары саналууда.
Беттеш 14 партияга чейин созулат. Алгачкы партия эртең өтөт.
Эгер Синдаров жеңишке жетсе, 20 жашында шахмат боюнча дүйнө чемпиону аталат.