Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык мэриясында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын өтүүдө. Анда вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев катышууда.
Бүгүнкү отурумда шаардагы коронавирус инфекция менен күрөшүүдө кандай чаралар көрөлүп жатканы тууралуу маселелер карала турганын вице-премьер Эльвира Сурабалдиева айтып өттү.