Япониялык "Diamond Princess" кемесинде коронавирус жуктургандардын экөө каза болду

Японияда "Diamond Princess" круиздик лайнеринде коронавирус жуктурган эки адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгон аял менен эркектин жашы 80ден ашкан. Алар 11-12-февралда вирус жуктурганы аныкталып, кемеден чыгарылып, ооруканага жаткырылган. Ооруканадан алардын коронавируска чейин башка да оорусу бар экени аныкталган. Тилекке каршы, эки япониялык жаранды тең сактап кала алышкан эмес. Бул "Diamond Princess" круиздик лайнериндеги жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн арасында биринчи өлүм катталган окуя.
Эске салсак, февралдын башында 3700 жүргүнчүсү бар "Diamond Princess" круиздик лайнеринде коронавируска кабылган 10 адам бар экени аныкталып, кеме 14 күнгө Йокогаманын портуна токтотулган.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aza84
2020-02-20 11:08:03
Мекендешибиз аман эсен кайтып келсин
+3
aiba_00
2020-02-20 12:02:05
Кары кишилер экен, ооруну которо алган эмес го.
+2
murat17
2020-02-20 17:11:18
корона вирус жуктурган кыргыз жаранын Кыргызстанга жакындата корбогуло бироону деп коп кыргызга зыян тийбесин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан