Борбордук шайлоо комиссиясы Тюменде жана Москвада кошумча шайлоо участокторун ачышы мүмкүн. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумушчу топтун отурумунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча маселе талкууланды. Жыйынга Тышкы иштер министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Мамлекеттик миграция кызматынын жана башка мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Таштанбек Каймазаровдун айтымында, Орусияда миграция кызматынын үч өкүлчүлүгү бар. Москва, Тюмень жана Красноярск шаарында.