Айсулуу Мамашова кайрадан "Ата Мекен" фракциясынын лидери болду. 5-6-октябрдагы башаламандык боюнча 5 кылмыш иши тергелүүдө. Күн ичинде орун алган саясий кабарлардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 6-январь, күнгө шаршемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Айсулуу Мамашова кайрадан "Ата Мекен" фракциясынын лидери болду

Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигин Айсулуу Мамашовага өткөрүп берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Текебаев тастыктады.

"Фракция лидерлигин өз ыктыярым менен тапшырдым. Депутаттык мандатымдын айланасында соттук талаш-тартыш болуп жаткандыктан лидерликти Айсулуу Мамашовага өткөрүп бердим. Азырынча депутаттык мандатым өзүмдө, БШК мандатты алуу боюнча чечим чыгара элек. БШК жакынкы күндөрү Жогорку Сотко кайрылат деген маалыматым бар", - деди Текебаев.

Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.

Текебаевге октябрь айында мандаты кайтарылганда Айсулуу Мамашова "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигинен өз ыктыяры менен баш тарткан.

5-6-октябрдагы баш аламандык боюнча 5 кылмыш иши тергелүүдө

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында 5-6-октябрдагы башаламандык боюнча 5 факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда ИИМдин төргөө кызматынын жетекчиси Сыргак Айткурманов журналисттерге билдирди.

"Биз 3 миңге жакын адамды суракка алдык. Алардын арасында саясатчылар, жеке ишкерлер, милиция кызматы, БШКнын кызматкерлери бар. Азыркы учурда тергөө жүрүүдө, бирок толук маалымат айтылбайт. Бул факты боюнча фигуранттар бар, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт", - деди ал.

4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгышкан. Түндө алар Ак Үйдү басып алып, өрт чыккан. Мындан кийин бийлик алмашкан.

Президенттин милдетин аткаруучу экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзамга кол койду

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам 23-декабрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Бул мыйзам республикалык бюджетте тартыштык орун алган мезгилде мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессине катышкан адамдарга карата ишкердик ишин жүргүзгөн субъекттерге кошумча мамлекеттик кепилдиктерди белгилөө максатында, ошондой эле коронавирус инфекциясы (COVID-19) жайылган шартта түрмөлөрдө жана тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарга карата гумандуу мамиле кылуу үчүн даярдалганы белгиленет.

"Көпчүлүк социалдык изилдөөлөр ырастагандай, камак жайларындагы бөтөнчө субмаданият адамдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизип, соттолгон адамды түзөтүү жагынан иш жүзүндө натыйжалуу жыйынтык бербей, тескерисинче, алардын социалдык коомдо стигматизацияланышына алып келет. Ушуга байланыштуу сунушталган ченемдер күнөөсүн моюнуна алган жана келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган адамга коомдон обочолотпоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган", - деп жазылат мыйзамда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Финансы полициясы Бишкек шаарындагы ЖЭБдин жооптуу адамдарына карата тергөө ишин баштады

Финансы полициясы Бишкек шаарындагы ЖЭБдин жооптуу адамдарына карата тергөө ишин баштады. Бул тууралуу финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Финансы полициясы атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча Бишкек шаарындагы ЖЭБдин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул факты Жазык кодексинин 233-беренеси "коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" менен каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан