Саат 10:00гө карата 2,80 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Журналисттер тарабынан Шайлдабековага "Учурда шайлоого катышкандардын саны 3 пайызга жетпей турат. Муну төмөн көрсөткүч деп эсептебейсизби?" деген суроо берилди.
Шайлдабекова: "Мен азыр саат 10:00гө карата көрсөткүчтү айтып жатам. Азырынча божомол жасаганга болбойт", - деди ал.
Добуш бергендердин көрсөткүчү.
| Бардык аймактар | 3 563 574 | 99 772 | 2.80% | 99 772 | (2.80%) |
| Бишкек | 416 123 | 12 932 | 3.11% | 12 932 | (3.11%) |
| Ош | 151 115 | 8 705 | 5.76% | 8 705 | (5.76%) |
| Жалал-Абад областы | 666 695 | 18 353 | 2.75% | 18 353 | (2.75%) |
| Ысык-Көл областы | 307 786 | 9 541 | 3.10% | 9 541 | (3.10%) |
| Нарын областы | 202 475 | 5 581 | 2.76% | 5 581 | (2.76%) |
| Ош областы | 722 933 | 20 875 | 2.89% | 20 875 | (2.89%) |
| Талас областы | 157 886 | 3 792 | 2.40% | 3 792 | (2.40%) |
| Чүй областы | 591 818 | 12 805 | 2.16% | 12 805 | (2.16%) |
| Баткен областы | 297 264 | 7 188 | 2.42% | 7 188 | (2.42%) |