Добуш сатып алуу боюнча фактылар аз болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.
"Бүгүн эртең менен ыкчам координациялык топтун мүчөлөрү айтып кетти. Добуш сатып алуу боюнча фактылар аз болду. Аймактардан бир, экиден маалымат түштү. Ал маалыматтар текшерилип жатат. Мурдагы шайлоодон бир күндө добуш сатып алуу боюнча 147 кайрылуу түшкөн", - деди ал.