Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалды. Бүгүн, 15-январда эмгек жамаатка жаңы жетекчи тааныштырылды.
Ырчынын директор болушуна окуу жайдын эмгек жамааты нааразы болушту. Бирок көпчүлүгү Самара Каримовага мүмкүнчүлүк берип көрүүнү айтып чыгышты. Алардын катарында ырчы, дастанчы Азиз Батыров бар. Ал Ниязалы Борошов атындагы окуу жай чындыгында жаңыланууга муктаж дейт.

"Мен аталган окуу жайга студент кезимден эле барып жүрөм, айрым мугалимдер менен жакшы мамиледемин. Бирок бир нерсени айтып коюуну туура көрдүм, балким, мени жаман көрүшөттүр. Музыкалык окуу жай чындыгында жаңыланууга, оңдоп-түзөөгө да муктаж. Окуу жайдын жатаканасына канча убакыттан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө элек. Класстык бөлмөлөр, кабинеттер сабак өтүүгө ыңгайсыз.
Өнөр адамы катары бир нерсени айткым келет, жаштар келсин, жаштар иштесин дейбиз. Самара Каримова мыйзамдуу түрдө жетекчи болуп барарда эмгек жамаат каршы болуп чыкты. Мен дагы окутуучумун, Арабаев атындагы окуу жайдын музыка бөлүмүндө сабак берем. Жаштарга бут тоскондук туура эмес деп ойлойм. Каримованы жакшы тааныйм, студент кезде бир тайпада окуганбыз. Ага да мүмкүнчүлүк беришсе жакшы болмок. Анткени Самара Каримова ошол жайды оңдоп, жакшы нукка буруп, гүлдөтөрүнө ишенем. Мен кесиптештеримден өтүнөт элем, жаштарга бир мүмкүнчүлүк берип көрүңүздөр. Кремлге чейин барып концерт койгон Самара Каримовада лидерлик сапат бар", - деди ал.
Ал эми ырчы Бишкек шаарындагы Шубин атындагы балдардын борбордук музыкалык мектебинин директору Гүлзинат Суранчиева мындай оюн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Самарага кеңеш берет элем. Биринчи ошол мектепке 5-10 жыл мугалим болуп иштеп, жыйынтык көргөзүп, анан директор болом десең болот. Азыр сен жашсың, директор болуш оңой иш эмес. Ал Ош шаарындагы чоң музыкалык кадрларды даярдоочу мекеме, менин билишимче, ал жерге консерваторияны бүткөн адам профессионалдык музыкалык билими бар, бир музыкалык аспапты чеберчиликте черткен адам болсо жарашат. Мен мугалимдердин өрттөнүп жатканын түшүнөм, анткени алар ушундай кадр болуш үчүн 20 жыл окушкан, ошол үчүн сени эч качан тең кадр катары кабыл алышпайт. Ар бир ишке алыңды ченеп киришсең болмок".