Бүгүн, 4-октябрда Бишкеrтеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Мугалимдер күнүнө карата жарыяланган "Мыкты мугалим-2013" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чарага билим берү] жана илим министри Канат Садыков, Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев жана башкалар катышты. Жеңүүчүлөр төмөнкүлөр:
“Мыкты мугалим"
1-орун - Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №4-мектеп-гимназиясынын кыргыз тил жана адабият мугалими Нургүл Шарипова. Ноутбук жана смарт ТВ тибиндеги сыналгы менен сыйланды.
2-орун - Тимур Арипов, Ош шаарынын “Олимп” мектеп-гимназиясынын мугалими. Смарт ТВ тибиндеги сыналгы менен сыйланды.
3-орун - Сезим Чотиева, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы №1-орто мектептин мугалими. Смарт ТВ тибиндеги сыналгы менен сыйланды.
"Айылдын мыкты мектеби"
1-орун - Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун С.Жунушов атындагы орто мектеп. 80 миң сом менен сыйланды.
2-орун - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы А.Осмоналиев атындагы орто мектеп. 55 миң сом берилди.
3-орун - Ош облусундагы Алай районунун Т.Сатылганов атындагы орто мектеп. 40 миң сом тапшырылды.
"Мыкты инновациялык мектеп"
1-орун - Балыкчы шаарынын С.Каралаев атындагы жатак-мектеби. 80 миң сом менен сыйланды.
2-орун - Сокулук районундагы Новопавловка айылынын Ч.Айтматов атындагы жатак-мектеби. 55 миң сом менен сыйланды.
3-орун - Талас облусундагы Манас районунун "Манас" жатак-мектеби. 40 миң сом менен сыйланды.
"Мыкты бала бакча"
1-орун - Ош облусундагы Өзгөн районунун "Наристе" бала бакчасы. 70 миң сом берилди.
2-орун - Бишкек шаарынын "Айжаным" бала бакчасы. 55 миң сом менен сыйланды.
3-орун - Ош шаарынын №35-бала бакчасы. 40 миң сом берилди.