Бишкекте 11-октябрда “Каржы эркиндиги же эмне үчүн инвестор болуу керек?” деген темада ачык семинар өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
“Семинар “Мен инвестормун” аттуу инвестициялык курстун алкагында өткөрүлүүдө. Каржы тармагындагы көз карандысыздыкка үгүттөөчү семинарда катышуучулар кеп-кеңеш ала алышат”,- дешет уюштуруучулар. Мындан сырткары катышуучулар "Кайсы натыйжага жетүүгө аракет кылуу керек? Инвестор деген ким? Кыргызстандыктар кантип мүмкүнчүлүктөрдү жоготуп келишкен жана жоготуп жатышат?" деген суроолорго жооп ала алышат. Иш-чара саат 18:00 "Aiperi Technology Meetup" бизнес- борборунда өтөт.