Кыргызстанга 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында 5 өлкөдөн 284 миллион доллар түз инвестиция келген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Былтыр чет өлкөдөн келген инвестициянын көлөмү 208,4 миллион долларды түзгөн.
Кыргызстанга түз инвестициянын басымдуу бөлүгү Кытайдан келип, 84,5 миллион долларды түзгөн. Канададан 73,8 миллион доллар, Улуу Британиядан 27,1 миллион доллар, Кипрден 21,5 миллион доллар жана Франциядан 13,6 миллион доллар келген. Эң аз Польшадан, 0,5 миллион доллар, Ирандан 0,2 миллион доллар, Индиядан 0,6 миллион доллар инвестиция келиптир.