"Спутник-V" вакцинасын сактоо жана ташуу температурасы өзгөрдү. Эми аны -8 градустан +2 градуска чейинки муздактыкта кармоого болот. Бул тууралуу Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашконун билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, вакцинанын каттоосунун өзгөрүшүн министрлик да жактырган. Ал эми өндүрүүчүлөр көрсөтүлгөн температурада туруктуу сактоону камсыздаганын билдиришкен.
"Саламаттыкты сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасын каттоо күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизди. Өндүрүүчүлөр аны 2-8 градус жылуулукта сактала тургандай кылып жасашты. Экспертиза учурунда бул тастыкталды. Иммундук-биологиялык препараттар үчүн бул стандарттык температура", - деп билдирген Мурашко.
Ошондой эле ал бул вакцинанын сактоо шарттарын жеңилдетип, массалык түрдө тарашына шарт түзөрүн кошумчалады.