Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор коронавирус илдетине чалдыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, президент COVID-19 менен ооруп калганына карабай мамлекеттик иштер менен алек болот.
"Тилекке каршы, COVID-19 менен ооруп калдым. Оорунун белгилери жеңил, бирок азыр дарыланып жатам. Ар дайым оптимисттик маанайда алдыга жылабыз. Менин ордума маалымат жыйынды тышкы иштер министри Ольга Санчес Кордеро берет. Анда ал күн сайын болуп жаткан прогресс жөнүндө маалымат берет", - деген президент Андрес Мануэль Лопес Обрадор.