Билим берүү жана илим министрлиги: "Окууну дистанциялык режимде улантуу, бүтүрүү пландары иштелип чыгууда"

Бүгүн, 21-март күнү билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров карантинден кийин ЖОЖдордун студенттеринин, мектеп окуучуларынын окуу процесси кандай болору тууралуу онлайн жыйын өткөрүүдө.

"Учурда министрлик тарабынан жагдайды улантып кетүү боюнча иш-чара планы бекилүүдө. Анда дистанциялык режимге өткөндө кандай методдор колдонулары чечилет. Азырынча окуу жылын ушундай режимде жыйынтыктоо, жаңы окууга даярдануу маселесин карап жатабыз.

Айрым аймактарда дистанциялык режим маселе жаратышы мүмкүн. Бул боюнча расписание түзүлүп, ЭлТР, "Баластан" телеканалдары аркылуу көрсөтүлмөкчү. Ар бир класстын өзүнө тийиштүү 25-30 мүнөттүк видеосабак даярдалып, эфир аркылуу көрсөтүлөт. Анткени бардык үйдө азыр сыналгы бар. Андан сырткары бир апта ичинде сайтка 1-11-класска чейинки окуучулардын окуу программаларынын электрондук версияларын иштеп чыгарабыз
, - дейт Өмүров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aia1219
2020-03-21 18:44:53
Мугалимдер келип видео сабак откуло деп кыйнамай башталат экенда.Байкуш мугалимдер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан