Илим Карыпбеков: "Мени таенеси аркылуу саясий пикирлерин билдирет дегендер бар"

"Мени таенеси аркылуу саясий пикирлерин билдирет дегендер бар", - деп Илим Карыпбеков SUPER.KG порталынын #Галстуктар долбоорунда билдирди.

"Өзү айта албаган саясий пикирлерди таенеси аркылуу билдирет деп дагы деле айтышат. Мен кээ бир учурда эле бир нерсени билдире албай калбасам, дайыма баарын ачык айтып жүрөм. Таенем курч баарын болгону болгондой айтып салчу. Ал кишинин ой-жүгүртүүсү, аң-сезими терең болчу. Ошону чыгаргым келчү. Таенем менен менин позициям окшош деп айта албайм. Сооронбай Жээнбеков кандай президент деп сурасам таенем "колхоздун төрагасы болсо болмок" деп айтты. Ошондо айрымдар Жээнбеков президент кезинде чыгарбайт белең деп жазып жатышты. Мисалы, мен антип ойлобойм. Таенеме үйрөтчү эмесмин, ал болгонун болгондой сүйлөчү. Таенемди мурда эле тартсам болмок экен. Жаш кезинде мындан да курч болчу. Видео эстелик болуп калды", - дейт ал.

#ГалстукТар Илим Карыпбеков: "КТРКны "кара жашик" деген аттан арылтуу мүмкүн эмес"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Real98
2021-01-25 13:16:31
Патхалим
+4
nazira...
2021-01-25 16:48:54
Ушу бала жакпай баратат да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан