Депутат Евгения Строкова коронавирус боюнча комиссиянын корутундусу тууралуу маалымат угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Вице-премьер-министр Жогорку Кеңешке келип, комиссиянын жыйынтыгын, маалыматын угууну сунуштайм", - деди ал.
Буга чейин коронавирус инфекциясынын биринчи толкуну маалында мамлекеттик, муниципалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын жасаган иштеринин эффективдүүлүгүн, ошондой эле финансылык, гранттык каражаттарды, гуманитардык жардамдарды рационалдуу пайдалануу маселеси боюнча ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын корутундусу чыккан.