"Бир адамдан бир китеп" долбоору жана анын негиздөөчүсү Бакай Акылбеков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин "Дебюттардын шериктештиги" сыйлыгы менен сыйланганы буга чейин маалымдалган.
Маалым болгондой, 2020-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун тандоосу менен Акылбековго наамы берилип, сыйлык колго тийди. Бул тууралуу жаратман жаштар билдирип, бул сыйлык жалпы элдики экенин сыймыктануу менен айтышты.