Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева жолдошунун абалын кооптонуп жатканын айтып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайынын башчысы Таалай Алымовго кайрылды.
"Бизде андай жок. Мен ал үчүн жооп берем", - деди жетекчи Таалай Алымов.
Ал эми Сегизбаевдин жубайы "Абдилди сизге, сизди Кудайга тапшырдым. Кудайдын алдында баарыбыз бирдейбиз", - деп айтты.
Ошондой эле жетекчи Алымов тамак-ашты жубайы жана балдары гана киргизе ала турганын айтты.