Биз социалдык тармакта

Абдил Сегизбаевдин жубайы: "Абдилдин иммунитети - анын тазалыгы"

Абдил Сегизбаевди Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайынан Аскер прокуратурасына алып кетишкени маалым болду. Ошондой эле анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту бүгүн, 27-январда карай турганы да айтылды.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жаткан Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева буларга токтолду.

"Абдилдин абалын билбей жатабыз. Жактоочуну дагы киргизбей жатышат да. Убактылуу кармоочу жайдын ичи сыз деп жатышат. Мен болушунча жылуу кийимдерин берип жатам. Алар жетип жатабы билбейм.

25-январда УКМКдан келишти жана ошол жактан чакыруу келген. Бирок эмнегедир Аскер прокуратурасы сурак кылды. 8 сааттан ашык сурак болду. Эмне үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизишти аны дагы билбей жатам. Абдилдин иммунитети - анын тазалыгы. Рейдерлик кылган деп жатышат. Бизге анын эч кандай тиешеси жок", - деди Айнура Сегизбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazira...
2021-01-27 12:39:40
Тооба. Ыйлактап, догуруна бергендердин заманы болуп атат. Күйөөн күпүлдөтүп жерлерди алып, акча алып келип атканда айттын беле, кийин кантип жооп бересин, кайдагы акчалар деп. Койкондоп адам тоготпой калгансын сен да ошол убакта, эми эле бечара, кудайдын момуну болуп чыга келишет.
+18
Jacob.
2021-01-27 13:00:20
Тазза “артист” турбайсынарбы..
+15
Kadyrova_
2021-01-27 13:24:27
Апеей ал жер сыз болсо анда хан заманбап сарай куруп жаткызышсынбы колу менен жасаган куноосун мойну менен тартсын.карапайым элдин уулдары кыздары,балдары жаткан сизобу турмобу ошол жерде жазасын алыш керек.
+10
Mirzita81
2021-01-27 14:14:18
Сегизбаев элдин ырыскысын жеп жатканда озуно абактан беш жылдыздуу кабинка жасатып койбоптур
+9
Janyl98
2021-01-27 14:33:13
Абдилди куугунтука алышты. Бул бийлик деле жаарытпай калды
-11
Asanali
2021-01-27 15:13:40
Прям суудан таза, суттон АК болбосо керек. Куноосу бар отурат.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан