Депутат Төрөбаев "Ата Мекендин" депутаты вице-спикерди шайлоо боюнча эсептөө комиссиясына төрага болгонуна нааразы. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бардык фракциялардан комитеттерде төрагалар бар. Эми мында дагы "Ата Мекен" фракциясынан депутатты эсептөө комиссиясынын төрагасы болду. Вице-спикерди шайлоодо калыстык болуш керек да", - деди ал.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп Сайдулла Нышанов иш алып барууда.
Кызматка эки талапкер каралып жатат. "Ата Мекенден" Нурбек Сыдыгалиев, "Өнүгүү-Прогресстен" Улан Исмаилов.