Биз социалдык тармакта

Депутат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир баланын окуусу үчүн канча акча караларын сурады

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бир баланын окуусу үчүн канча акча караларын сурады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуга ай сайын 18-20 миң сомдун тегерегинде акча караларын билдирди.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү маселесине байланышкан мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Дастан Бекешев жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн негизинде атайын мектептерге жыл сайын 309 миллион сом сарпталары аныкталганын кошумчалады. "Аны бөлгөндө ар бир балага 135 миң сомдон кетет экен", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zam81
2021-01-27 13:22:47
Балама 4000 пасобиядан башка эмне кылып жатышат даарылатканын озубуз эле кылабызго кайдагы акчаларды айтат 15,20 деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан