Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы "Ош базарынын" аймагын иретке келтирип, сойкуканаларды жоюу аракетин көрөт

Бишкек мэриясы "Ош базарынын" аймагын иретке келтирип, андагы сойкуканаларды жоёт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Ленин акимчилигинде сойкуканаларды уюштурууну токтотуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп өткөн.

"Чүй проспектиси, Бейшеналиева, Павлов, Рыскулов көчөлөрүнүн айланасындагы сойкуканаларды жоюу маселеси талкууланды. Райондук акимчиликтин кызматкерлерине райондо тартипти туруктуу камсыздоо максатында биргелешип рейддик иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.

Ошондой эле тротуарларда, жол жээктеринде соода кылып жаткандарга рейд жүрүп, айрымдарына эскертүү берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2021-01-27 19:37:02
Жолдогу самсаалаган самсалактарды ичине киргизиш керек эл катары места алып иштешсин аренда төлөп.Алао күнүнө 100с берип анысы аз келгегсип арзан сатышат.Элдин баары ошоякка качаттар арзан деп ичиндеги ижара төлөп иштеген соодагерлер ыйлашат соода жок дешип.Беспередел айланасы порядок жок туш келди чыгып алышкан.Манты саткандар жүрөктү айландырыэат бети ачык айланасы бүт селсаяк алкаштар.Бул жакта өтө чоң коррупция ойнойт 2 3күн рейд кылат кайра оозуна акчадан тыгат да иштерин уланта беришет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан