Биз социалдык тармакта

Токтогул суу сактагычында суунун агып келгенинен чыгышы 4 жарым эсе көп болууда

Өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычында суунун агып келгенинен чыгышы төрт жарым эсе көп болууда. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 27-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 921 миллион 680 миң метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 169 метр куб, агып чыгышы 794 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 26-январда Токтогул суу сактагычында 10 миллиард 975 миллион 680 миң метр куб суу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2021-01-27 14:37:10
Сууну сатып атат корупцинер лер
+3
kalbek87
2021-01-27 16:01:48
Эл эмне кылсын эми. Суунун коломун байма-бай жарыялай башташты жакында бир шойком болот окшойт го
+3
Nurik1988
2021-01-27 16:58:06
Чыкканын келгенинен азайтып койгула. Чыкканынан келгени аз дей бербей
+2
ooki8888
2021-01-27 20:54:47
Насос орнотуп, агып чыккан сууну кайра куйгула. Баарын уйротуш керекпи силерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан