Биз социалдык тармакта

Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 18 мектеп бар экени айтылды

Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 18 мектеп бар экени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал Кыргыз өлкөсүндө 2 миң 283 мектеп бар экенин айтты. "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр үчүн 18 мектеп, ал эми мектепке чейинки курактагы балдар үчүн 14 билим берүү мекемеси иш алып барат", - деди ал.

Жогорку Кеңеште ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү маселесине байланышкан мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорундагы түзөтүүлөр өлкөдөгү оор социалдык – экономикалык абалды эске алуу менен республикалык бюджеттин чыгымдарын көбөйткөн ченемдерди алып салууга багытталууда. Ошондой эле инклюзивдик билим берүүгө тиешелүү ченемдердин күчүнө кирүү мөөнөтүн Өкмөт өзү аныктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан