Кыргыз өлкөсүнүн жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун бүгүн, 28-январда инаугурациясы өттү.
"Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун инаугурациясы түз эфирде онлайн көрсөтүлө турганы буга чейин маалымдалган.
Анда борбор калаанын коноктору салтанатты чоң экрандан көрө алышат. Анткени буга чейин белгилүү болгондой, инаугурация маалымат каражат өкүлдөрүнүн катышуусуз өтөрү кабарланган. SUPER.KG порталы чоң экрандан иш-чараны көргөн элдин маанайын билип, шаардагы кыймылга көз чаптырат.