Бишкекте бүгүн, 28-январда президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өтөт. Азыркы тапта ага карата даярдыктар кызуу жүрүүдө. Ант берүү аземи Филармонияда өтөт. Ал эми
"Ала-Тоо" аянтында LED-экран аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Учурда аянтта милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана көзөмөлдөө максатында иш үстүндө. Аянтта чогулган адамдар дээрлик жокко эсе.
Президенттин ант берүү аземи саат 10:45те башталмакчы.