Өкмөт үйүнүн алдында республиканын аймактардагы саламаттыкты сактоо мекемелерине "Тез жардам" унааларын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аземге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана жети облустун координаторлору катышты. Министр "Тез жардам" унааларын облус координаторлоруна тапшырды.
Бөлүштүрүү планына ылайык:
Эске салсак, Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан жалпы 66 "Тез жардам" унаасы сатып алынып, өлкөгө жеткирилишине жараша бөлүштүрүлүп берилүүдө. Алсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына 9 унаа, Ош облусуна 26 унаа жана Жалал-Абад облусуна 10 унаа өткөрүлүп берилген.