Кыргыз өлкөсүнүн жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун бүгүн, 28-январда инаугурациясы өтүүдө. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында орун алууда.
Мекеменин айланасына эл топтолуп, тизмекке тизилишти. Алар Садыр Жапаровду көрөбүз деп турушат. Ал эми кайгуул кызматкерлери тартипти көзөмөлдөп, филармониянын алдына эч кимди өткөрбөй жатышат.
Топтолгондордун бири: "Үшүгөнүбүзгө карабай президентти көрөлү деп келдик. Буга чейин ант берүү аземи менен ишибиз жок болчу, кызыкпайт да болчубуз", - дейт.