Бүгүн, 28-январда Кыргыз улуттук филармониясында президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясы болуп өттү. Инаугурацияга коомдук-мамлекеттик ишмерлер, чет өлкөлүк коноктор жана спортчулар болуп, жалпысынан миңден ашык киши чакырылган.
Инаугурацияга спортчулардан балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы, машыктыруучу Нурбек Изабеков, "Бээжин-2008" жайкы олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган балбан Канат Бегалиев жана жөө күлүк Дарья Маслова келген.
Инаугурациядагы бардык кызыктарды шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз.