Бүгүн, 28-январда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына Асановдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
“Асановдун тарапташтары сот имаратынын сыртында нааразы болуп турушат. Сот процесси азыр жүрүп жатат жана сот кеңешме залына кирип кетти. Бүгүн чечим чыгат, чечимди күтүп жатабыз”, - деди жактоочу.
Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту (имаратты басып алуу) боюнча айыпталууда. Ал 26-январда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.