Биз социалдык тармакта

Кадамжайда балдарын убактылуу кароого таштап, миграцияда жүргөндөрдүн саны азайды

Баткен облусунун Кадамжай районунда жергиликтүү бийлик, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен турган комиссия үймө-үй кыдырууларды жүргүзүп, социалдык көйгөйлөргө дуушар болгон учурларды аныктоо иш-чарасын жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, балдарга карата ырайымсыз мамилелердин, зордук-зомбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, ата-эненин камкордугусуз калган, ички жана тышкы миграцияда жүргөн жарандардын балдарын тактоо иштери жүрүп жатат. Үймө-үй кыдыруу иштеринин жыйынтыгы менен миграцияда жүргөн үй- бүлөлөрдүн, ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө жана балдардын, зордук зомбулукка кабылган балдардын саны такталып, тобокел топко кирген үй-бүлөлөр адистердин көзөмөлүнө алынат.

Белгилей кетсек Кадамжай районунда 2019-жылда ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны 7 миң 435 болгон болсо, 2020-жылдын жыйынтыгы менен 5 миң 47 баланын ата-энеси миграцияда экени аныкталган. Үймө-үй кыдыруу өнөктүгү облустун бардык район шаарларында уланып жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond0202
2021-01-28 20:12:37
Билет кымбат болуп атса азаят да.кете албай олтурушат мигранттын кобу
+3
Kari
2021-01-28 22:09:24
Оа,карантиндин пайдасы балдарга эле болду,ата энесинин жанында,эркелеп.Кыргызстан онугуп оссо экен,мотурайган бобокторубуздун бактына.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан