Биз социалдык тармакта

Баткенде 58 жаштагы жаран эки жылдан бери дайынсыз болууда

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун айылдарынын биринен 2019-жылы 58 жаштагы Нусратулла Эрматов аттуу жаран үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы 31-декабрь күнү саат 14:30дар чамасында Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Исфайрам айылындагы өзү жашаган үйүнөн 1962-жылы туулган жаран чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы кара түстө, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү арык чырай. Акыл-эси жайында.

Эгерде кимде ким сүрөттөгү кишинин жүргөн жерин билип калса, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 03655 5-02-29, 03655 102, 0505 25-00-09.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан