Биз социалдык тармакта

Өсүмдүк майы - 113-123 сомдон. Бишкекте дем алыш күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт

Борбор калаада ишемби, жекшемби күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чараны Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Октябрь райондук акимчилиги менен биргеликте уюштурууда. Түштүк магистраль Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакта (12-кичи району) саат 10:00дө башталат.

Жарманкеде азык-түлүктөргө коюлган баалар:

  • Эт азыктары - 380-390 сом;
  • Жумуртка (10 даанасы) - 85-90 сом;
  • Үй тооктору - 180-200 сом;
  • Көлдүн айраны - 37-38 сом;
  • Өсүмдүк майы - 113-123 сом;
  • Картошка - 22-23 сом;
  • Пияз - 11-13 сом;
  • Сабиз - 20 сом.

Ошондой эле жашылчалар, суусундуктар жана башка азыктар коюлат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Spb
2021-01-30 09:50:13
Кымбатко коп нерсе озубуздон чыксада россияга салыштырмалу Санк Петербурга картошка 7 р сабиз пиязда ошондой май 59 р жумуртка 30 штук 190 р ет 350 400 ошондой еле бирок бизде жумуш ааз коп нерсе кынбат
+1
saparu
2021-01-30 09:59:35
Кымбатчылыкка министрлер кызыктар оздору ушундай кылып жатат калп эле бааны козомолдойбуз деп жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан