Жалал-Абад шаарында 1-февралдан баштап бардык мектептер толук кандуу иштей баштайт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардагы бардык мектептердеги окуучулар, тагыраагы, 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар мектепте билим алууну улантат. Мындан тышкары, муниципалдык бала бакчалар дагы 1-февралдан тартып балдарды кабыл алат.
Мындай чечим кечээ, 29-январда өткөн шаардык штабдын жыйынында кабыл алынган.