Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Асылбек Чыраков табылды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына издөө тобунан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан Асылбек Чыраков кечээ, 29-январь күнү кечинде табылган.
Буга чейин Асылбек Чыраковдун үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.