Биз социалдык тармакта

Түркиянын “Маариф” фонду Кыргыз өлкөсүндөгү алгачкы мектебин Бишкекте ачат

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Кыргыз өлкөсүндөгү “Маариф” фондунун директору Хүснү Биржан мырза менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуудагы негизги тема “Маариф” фондунун Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү болгон.

"Фонд өз ишмердүүлүгүн Түркиянын Анкара шаарында 2020-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасыныны Билим берүү жана илим министрлиги жана Түркиянын “Маариф” фондунун ортосунда Кыргыз Республикасында жеке менчик билим берүү уюмдарын ачуу жана иштетүү боюнча кол коюлган макулдашуусунун негизинде жүргүзүп келет. Түрк тараптын өкүлү билдиргендей, жаңы окуу жылында Кыргыз Республикасында “Маариф” фондунун алгачкы жалпы билим берүү мектебин ачуу үчүн фонд тарабынан бардык керектүү иштер жасалып жатат. Мамлекеттик стандартка ылайык, окутуу кыргыз тилинде дагы жүргүзүлө турган мектептин Бишкекте ачылышы пландалууда.

Окуучулар үчүн дагы, мугалимдер үчүн дагы бардык шарттар түзүлөт. Макулдашуунун шарттарына ылайык, мугалимдердин басымдуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын жарандары болмокчу. Министрликтин жетекчилиги фонддун ишине ийгилик каалап, министрлик катары ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Тараптар мындай мектептин ачылышы билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк мамилелеринин дагы да бекемделишине зор салым кошот деген пикирин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Eka.kg
2021-01-30 17:18:54
Маариф эмес, Себаттын мектептерин ачыш керек!
+8
talas0707
2021-01-30 17:53:31
Себат да маариф да кереги жок жеке оюм. Себеби канча балдар окушат бут акча сыртка кетип жатат, аяктагандан кийин жумуш жок.
+3
anipa11
2021-01-31 02:50:28
talas0707,мектеп ачам дейт.
+1
Muslim_KGstana.
2021-01-30 18:09:13
Неге эле Бишкек боло берет???

Баткен,Нарын,Таласка салгыла да
+7
Belek1710
2021-01-31 01:22:26
Muslim_KGstana.,Баткен, Нарын,Таласта акча жое да элде, булар акча үчүн иштешет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан